КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК МЭРИЯСЫНДА “ЖАРДЫРУУЧУ ЗАТ КОЮЛГАН” ДЕГЕН МААЛЫМАТ ТАСТЫКТАЛГАН ЖОК

22.08.2024, 22:32

Кароолор (234)

 

          2024-жылдын 22-август күнү Кызыл-Кыя ШИИБне “шаардык мэриянын имаратына жардыруучу зат коюлган” деген маалыматтын түшүп, анын негизинде Кызыл-Кыя ШИИБдин ыкчам-тергөө тобу, өздүк курамы коопсуздукту камсыздоо максатында жерине барып эвакуация иштерин жүргүзүп, коомдук тартипти көзөмөлгө алган.

         Андан сырткары Кадамжай районунун Айдаркен шаарындагы инженердик аскер бөлүгүнөн сапер кызматкерлери үйрөтүлгөн кызматтык иттердин коштоосунда текшерүү иштерин жүргүздү. Натыйжада жардыруучу зат табылган жок.

 

Булак: Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы


 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.