Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын имаратын милиция толугу менен курчоого алып, коопсуздукту камсыздоодо.
2024-жылдын 22-август күнү саат 12:40 чамасында Кызыл-Кыя ШИИБдин 102 кызматына Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын кызматкери анонимдүү электрондук почтадан мэриянын имаратына жарылуучу зат коюлган деген маалымат келгенин билдирип кабар берген.
Бул кабар Кызыл-Кыя ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Алынган маалымат боюнча Кызыл-Кыя ШИИБдин ыкчам тергөө тобу жана өздүк курамы толугу менен аталган жерге барып, шаардык мэриянын кызматкерлерин жана ошол жерде жүргөн жарандарды толугу менен эвакуация кылды. Ошондой эле мэриянын имаратынын айланасындагы автоунаалар коопсуз жайга жылдырылып, имарат милиция кызматкерлери тарабынан толугу менен курчоого алынып, атайын үйрөтүлгөн кызматтык иттер жана саперлор имаратты текшерүүгө алышты.
Булак: Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.