КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРЫ «МЫКТЫ ШААР» ДЕП ТАБЫЛДЫ

07.02.2025, 15:57

Кароолор (102)

 

2025-жылдын 7-февралында Баткен облусунун 2024-жылды жыйынтыктаган облустук коллегиясы өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, коллегия мүчөлөрү жана облус активи катышты.

Жыйында облустун экономикалык жана социалдык тармактарында жетишилген ийгиликтер талкууланып, 2024-жылдын жыйынтыктары чыгарылды. Жалпы көрсөткүчтөрдүн негизинде Кызыл-Кыя шаары облустагы эң мыкты шаар деп табылып, шаар мэри Асилбек Маткалыковго сыйлыктар тапшырылды.

Бул жетишкендиктер жалпы шаар тургундарынын колдоосу жана шаардагы кызматтардын бирге аракеттенүүсүнүн жыйынтыгы.

 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.