Кызыл-Кыя шаарында дан эгиндери жыйналууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, шаардын Караван аймагында жалпы 250 гектар жерде арпа, буудай оруп жыйналууда. Анын 180 гектары сугат жер.
Адистер буудайдын гектарынан 50 центнерге чейин түшүм алынып жатканын айтышууда.
Буга чейин 4-июлда Баткен районунда эгиндерди оруп-жыйноо иштери жүрүп жатканы кабарланган. Андан кийин Баткен шаарында эгин жыйноо иштери башталганы кабарланган.