КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРЫНДА ЭРКИН КҮРӨШ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШ ӨТТҮ

13.12.2024, 19:54

Кароолор (38)

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин жарандардын "Кыргыз жараны" деген өздүк аң-сезимин өнүктүрүүгө багытталган Жарлыгынын алкагында жана Жаңы жыл майрамына карата 2024-жылдын 12-13-декабрында Кызыл-Кыя шаарында өспүрүмдөр арасында эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлдү.

Мелдешке 24 командадан турган жалпы 360 катышуучу катышты. Бул спорттук иш-чара балдар арасындагы достукту, биримдикти бекемдөөгө жана дене тарбия менен спортту жайылтууга багытталган.

Мелдеш жогорку деңгээлде уюштурулуп, жаш балбандар өздөрүнүн күчүн, чеберчилигин жана спортко болгон кызыгуусун көрсөтүштү. Иш-чара жаштарга сергек жашоо образына дем берүү менен аларды ынтымакка жана мекенчилдикке шыктандыра алды.

 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.