КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРЫНДА ИШЕМБИЛИК ӨТКӨРҮЛДҮ

15.02.2025, 14:13

Кароолор (134)

 

Кызыл-Кыя шаарында көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин жакшыртуу максатында ишембилик өткөрүлдү. Бул иш-чарага шаар аймагындагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери активдүү катышып, өздөрүнүн айланасын тазалап, ирээтке келтиришүүдө.

Ишембиликтин алкагында таштандылар чыгарылып, жашыл аймактар иретке келтирилип, жол жээктери жана коомдук жайлар тазаланууда. Шаарды таза жана жашыл сактоо боюнча иш-чаралар мындан ары да улантылат.

Шаар мэриясы бардык жашоочуларды жана уюмдарды тазалыкты сактоого жана шаарыбызды көрктөндүрүүгө активдүү катышууга чакырат.

 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.