Бүгүн, 3-мартта, Кызыл-Кыя шаарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун күнү жана 5-март – Ак калпак жана улуттук кийим күнү салтанаттуу түрдө белгиленди. Бул маанилүү иш-чарага шаар мэринин биринчи орун басары И.Бабаев, шаардык кеңештин төрагасы Ж.Аматов, шаардагы мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, окуу жайлардын студенттери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Салтанаттуу иш-чара шаардын борбордук аянтында мамлекеттик тууну көккө көтөрүү менен башталып мамлекеттик гимн жаңырды. Иш-чаранын жүрүшүндө шаар мэринин биринчи орун басары И.Бабаев жана шаардык кеңештин төрагасы Ж.Аматов куттуктоо сөзүн сүйлөп, бул майрамдардын мааниси жөнүндө белгилеп өтүштү. Алар Кыргызстандын эгемендүүлүгүн, биримдигин жана улуттук баалуулуктарын даңазалоо ар бир жарандын милдети экенин баса белгилешти.
Майрамдык иш-чаранын алкагында шаардык маданият бөлүмү тарабынан кыргыз элинин маданиятын даңазалаган чыгармалар тартууланды.
Бул иш-чара Кызыл-Кыя шаарынын тургундары үчүн мекенчилдикти күчөтүүчү, улуттук сыймыкты арттыруучу маанилүү саамалык болду.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.