КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРЫНДА МАСШТАБДУУ ИШЕМБИЛИК ӨТКӨРҮЛДҮ

08.02.2025, 15:33

Кароолор (93)

 

"Кызыл-Кыя шаарында жалпы шаардык ишембилик уюштурулуп, ага миңге чукул адам катышты. Иш-чарага мекеме-ишканалардын, окуу жайлардын эмгек жамааттары жана шаар тургундары активдүү катышып, тазалыкты камсыздоо боюнча биргелешкен иштер аткарылды.

Ишембиликтин алкагында шаар тургундары көчөлөрдү, арыктарды тазалап, жол жээгиндеги бордюрларды ылайдан арылтышты. Ошондой эле Ош-Раззаков автожолунун Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы бөлүгүнүн жол четтери тазаланып, шаардын көрүнүшү жакшыртылды. Жалпысынан 78 тонна таштанды чогултулуп, "Кызыл-Кыя Тазалык" муниципалдык ишканасы тарабынан таштанды полигонуна чыгарылды.

"Тазалык – шаарыбызга, шаар – баарыбызга!" урааны алдында өткөн ишембилик шаарды таштандылардан арылтууга чоң салым кошту. Катышуучулар бул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, шаардын экологиялык абалын жакшыртуу үчүн мындан ары да активдүү катышарын билдиришти.

Алдыда бул ишембиликтер ар аптанын ишемби күндөрү өткөрүлүп турмакчы. Алардын алкагында көчөлөрдү жана короолорду тазалоо, мамлекеттик мекемелердин жана турак жайлардын тышкы көрүнүшүн жакшыртуу, түнкү чырактарды орнотуу жана оңдоо, шаар аймагына бак-дарак тигүү, гүл отургузуу жана муниципалдык жолдорду оңдоо сыяктуу иштер жүргүзүлөт.

Жергиликтүү бийлик жалпы шаардыктарды ишембиликтерге активдүү катышып, шаардын тазалыгын сактоого чакырат."

 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.