КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРЫНДА МАСШТАБДУУ ИШЕМБИЛИК ӨТКӨРҮЛДҮ

15.03.2025, 16:46

Кароолор (124)

 

Бүгүн 2025-жылдын  15-мартында Кызыл-Кыя шаарында масштабдуу ишембилик өткөрүлүп, ага шаардагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери, окуу жайлардын студенттери жана жергиликтүү тургундар активдүү катышты.

Ишембилик шаардын ар кайсы аймактарында, анын ичинде борбордук көчөлөрдө, парктарда жана турак жай массивдеринде жүргүзүлдү. Иш-чаранын алкагында таштандылар чыгарылып, тротуарлар жана жол четтери тазаланып, бак-дарактар кыркылды. Ошондой эле жаңы көчөттөр отургузулуп, отургучтар жана таштанды челектери иретке келтирилди.

Ишембилик шаардын тазалыгын камсыздоого жана тургундардын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталды. 

 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.