КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРЫНДА МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНА КЫЛМЫШТУУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

06.03.2025, 17:16

Кароолор (25)

 

Бүгүн, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасынын демилгеси менен №2 Кыргызстандын 50 жылдыгы жана №9 У.Гулматов атындагы орто мектептеринде кылмыштуулуктун алдын алуу жана анын кесепеттери боюнча түшүндүрүү иштерин өткөрүштү.

Иш-чарага Кызыл-Кыя шаарынын мэринин биринчи орун басары И.Бабаев, Кызыл-Кыя шаарынын прокурорунун жардамчысы И.Орозалиев, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Матосмонова, шаардык социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүнүн жетекчиси Т.Давлятова, ШИИБдин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекторлору, мектеп окуучулары жана мугалимдер катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө окуучуларга кылмыштуулуктун жана мыйзам бузуу аракеттеринин кесепеттери тууралуу кеңири маалымат берилди. Адистер жаштар арасында тартипти сактоо, мыйзамды урматтоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрмө иштерин жүргүзүп, окуучулардын суроолоруна жооп беришти.

Мындай иш-чаралар өспүрүмдөр арасында мыйзам бузууларды азайтуу жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында үзгүлтүксүз улантылат.

 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.