Бүгүн Кызыл-Кыя шаарында мэрдин балаты майрамы өтүп, 200 балага өзгөчө майрамдык маанай тартууланды.
Иш-чарага шаар мэри А.Маткалыков, жана шаардык кеңештин төрагасы Ж.Аматов катышып балдарды жаңы-жылы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, жакшы билим алуу жана жаркын келечек каалап өтүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө балдар үчүн кызыктуу оюн-зоок программалары уюштурулуп, жаңы жылдык белектер тапшырылды. Майрам балдардын кубанычына толуп, жылуу атмосферада өттү.
Иш-чара шаардык билим берүү жана шаардык эмгек миграция жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы менен биргеликте уюштурулду.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.