Бүгүн борбордук сейил бакта 21-март – Нооруз майрамына карата майрамдык иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чарага шаар мэри А.Бектуров, шаардык кеңештин төрагасы Ж.Аматов, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.
Майрамдык иш-чара шаардагы билим берүү мекемелери тарабынан даярдалган улуттук көргөзмөлөр менен башталды. Көргөзмөдө кыргыз элинин улуттук тамак-аштары, кийим-кечелери, колдонмо өнөр буюмдары жана улуттук маданиятты чагылдырган башка экспонаттар коюлду. Бул көргөзмө шаар тургундарынын жана коноктордун зор кызыгуусун жаратты.
Шаар мэри А.Бектуров жалпы шаар тургундарын жана конокторду Нооруз майрамы менен куттуктап, төмөнкүлөргө токтолду:
– Нооруз – бул жаратылыштын жандануусун, жаңы жашоонун башталышын билдирген өзгөчө майрам. Бул күн элдин биримдигин жана ынтымагын чыңдап, келечекке болгон үмүттү арттырат. Шаарыбыз мындан ары да өнүгүп, элибизде тынчтык жана молчулук болсун!
Ошондой эле шаар мэри кызматтык милдеттерин так аткарып, ишинде мыкты жетишкендиктерге жетишкен кызматкерлерди жана мекемелерди белгилеп өттү. Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө шаар мэриясы жана шаардык кеңеш тарабынан мыкты ишмердүүлүгү жана шаар өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн бир катар кызматкерлерге Ардак грамоталар жана ыраазычылык барактары тапшырылды.
Майрамдык иш-чара шаардык маданият бөлүмү тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду. Концертте шаардагы өнөрпоздор тарабынан кыргыздын улуттук ыр-бийлери аткарылып, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартууланды. Элдик ырлар, улуттук музыкалык аспаптардын коштоосундагы чыгармалар жана көркөм бийлер иш-чаранын көркүн ачты.
Мындан сырткары, спорт сүйүүчүлөр үчүн спорттук иш-чаралар уюштурулуп, катышуучулар ар кандай мелдештерге активдүү катышты. Аркан тартыш, кол күрөш, улуттук оюндар жана башка спорттук иш-чаралар жогорку деңгээлде өттү.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.