2025-жылдын 21-январында Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы Россия Федерациясынан келген өкүлдөр менен жолугушуу өткөрдү. Делегацияны «СУЭК-Кузбасс» ААКнын башкы директору Михаил Лупий жетектеп, анын курамында Адам ресурстарын өнүктүрүү борборунун жана дүйнөдөгү алдыңкы көмүр өнөр жай ишканаларынын бири болгон «Сибкор» ЖЧКсынын (Москва) өкүлдөрү да катышты .
Жолугушуу Кызыл-Кыя шаардык мэриясында болуп, өкүлдөрдү шаар мэри А.Маткалыков кабыл алды. Жолугушууга шаардык кеңештин төрагасы Ж.Аматов, шаардагы жогорку жана атайын кесиптик билим берүү мекемелеринин жетекчилери, ошондой эле мектеп директорлору катышты.
Жыйындын негизги темасы мектеп бүтүрүүчүлөрүн жана студенттерди Россия Федерациясынын аймагындагы жогорку окуу жайларда билим алууга тартуу маселесин талкуулоо болду. Ошондой эле шаарыбызда окуп даярдалаган тоо-кен тармагындагы адистерди жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу да кеңири сөз жүрдү.
Бул иш-чара шаарыбыздын жаштары үчүн кесиптик билим берүүнүн жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүнүн жаңы горизонтторун ачып, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты дагы да бекемдөөгө багытталган.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.