2025-жылдын 10-мартында Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы Салык кызматы менен биргеликте Таштемир ажы базарында иштеген соодагерлерге салык мыйзамдары жана товарларды мыйзамдаштыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Иш-чарага Кызыл-Кыя шаарынын мэринин орун басары Ж.Курбанов жана Кызыл-Кыя шаардык Салык кызматынын жетекчиси Р.Абдырахманов, соодагерлер катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө баштапкы документтери жок товарларды эсепке алууга жана мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк берүүчү жаңы кагаз документти – кириштөө документин колдонуу боюнча маалымат берилди. Ошондой эле салык режиминин жол-жоболорун так сактоо жана ишкерлердин милдеттери тууралуу кеңири түшүндүрмөлөр берилди.
Соодагерлерге 2025-жылдын 1-апрелине чейин эсепке алынбаган товарларын мыйзамдаштыруу зарылдыгы тууралуу маалымат берилди. Салык кызматы ишкерлер үчүн салык жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында ар тараптуу консультацияларды берип, ишкерлерге колдоо көрсөтүүнү улантууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө соодагерлерден келип чыккан суроолорго жооптор берилип, товарларды мыйзамдаштыруу жана салык төлөө тартиби боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.