КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРЫНДА ТАРТИПСИЗ СООДА ЖҮРГҮЗҮҮНҮ ЖӨНГӨ САЛУУ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

29.01.2025, 19:53

Кароолор (216)

 

Кызыл-Кыя шаарында коомдук тартипти сактоо жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында мыйзамсыз соода жүргүзүүнү иретке келтирүү иштери башталды.

Шаардык тиешелүү кызматтар тарабынан түзүлгөн комиссия тротуарларды жана жол жээктерин ээлеп алып мыйзамсыз соода кылып жаткандарды жана мыйзамсыз жайгаштырылган жеңил типтеги соода объектилерин алып салуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул аракеттер жөө жүргүнчүлөргө тоскоолдук жараткан соода жайларын тазалоого багытталган.

Бул иштер жергиликтүү бийлик тарабынан жүргүзүлүп, шаар тургундарынын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылуу максатын көздөйт. 

Шаарды иретке келтирүү боюнча иштер мындан ары да улантылып, мыйзамсыз курулуштарга жана башаламан соода жүргүзүүгө бөгөт коюу чаралары күчөтүлөт.

 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.