КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРЫНДА ЖАЛПЫ ИШЕМБИЛИК ӨТТҮ

01.03.2025, 15:49

Кароолор (27)

 

Бүгүн, 2025-жылдын 1-мартында, Кызыл-Кыя шаарында жаллпы ишембилик уюштурулду. Иш-чарага шаар аймагындагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери, жергиликтүү тургундар жана активисттер жигердүү катышты.

Ишембиликтин алкагында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана тазалоо иштери жүргүзүлдү. Атап айтканда, көчөлөрдүн жээгиндеги таштандылар тазаланып, арык түтүктөрү жана суу өтүүчү каналдар тазаланып, бак дарактар акталды. Ошондой эле жашылдандыруу максатында көчөттөр отургузулду.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 1-мартынан 1-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун буйругунун негизинде облус аймагында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү боюнча үч айлык жарыяланган. Бул мөөнөт аралыгында аймактарды жашылдандыруу, тазалыкты сактоо жана экологиялык абалды жакшыртуу иштери жүргүзүлмөкчү.

 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

   маалыматтык камсыздоо кызматы.