КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРЫНДА ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

01.01.2025, 12:05

Кароолор (298)

 

Кызыл-Кыя шаарында жаңы жылдык майрам чоң шаң-салтанат менен белгиленди. Иш-чарага шаар жетекчилери, тургундар жана коноктор катышып, жаркыраган жаңы жылды биргеликте тосушту.

Шаардын борбордук аянтындагы башкы балаты өзүнүн кооз жасалгалары жана жаркыраган оттору менен шаардын көркүнө көрк кошту.

Шаар мэри А.Маткалыков жана шаардык кеңештин төрагасы Ж.Аматов тургундарды жаңы жылы менен куттуктап, 2025-жылы шаарды өнүктүрүү жана тургундардын жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн пландалган иштер тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле, бардык тургундарга ден соолук, тынчтык жана бакубат жашоо каалашты.

Майрамдык иш-чаранын алкагында шаардык маданият бөлүмү тарабынан уюштурулган концерттик программа көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулады. Жаңырган жылга карата чогулган эл жаркыраган маанайда тарады.

 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.