КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРЫНДА ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫНЫН АЛДЫН АЛУУ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

28.11.2024, 16:00

Кароолор (20)

 

Кечээ 28-ноябрь ИИМдин эки айлык иш-мерчемине ылайык, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын жыйындар залында иш-чара болуп өттү, ага шаар мэри А.Маткалыков, шаардык кеңештин төрагасы Ж.Аматов, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын өкүлдөрү, ИИМдин Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүнүн башчысы милициянын подполковниги М.Толтоев, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, шаар тургундары, мектеп директорлору жана окуучулар катышты. 

Иш-чара жөө жүрүш менен башталып, мында милициянын жаш тескөөчүлөрү айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жол коопсуздугунун эржелерин сактоого чакырды. Андан соң жыйындын катышуучуларына азыркы учурда Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлүп жаткан “Коомдук жайдагы коопсуздук” иш-чарасы тууралуу маалымат берилип, жол кырсыктарынын алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин өткөрдү.

Шаар мэри А.Маткалыков келген конокторго ыраазычылык билдирип, жыйындын катышуучуларына жол эрежелерин так сактасак, журтубуз аман-сак болоорун баса белгилеп кетти.

Ал эми Баткен облусундагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын башчысы милициянын полковниги А.Абдукеримов жыйындын катышуучуларына жол кырсыктарын болтурбоо, коомдук жайларда укук бузуулардын алдын алуу багытында маалымат жеткирип, катышуучулар тарабынан берилген суроолорго жооп берип кетти.

 

Жыйында жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Штабынын башчысы милициянын подполковниги Б.Саидходжаев да сүйлөп, шаар аймагында коомдук тартипти жана жол коопсуздугун сактоодо жергиликтүү бийлик тыгыз кызматташып, дайыма колдоп келе жаткандыгын белгилеп өз ыраазычылыгын билдирди. 

 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.