Бүгүн 2025-жылдын 6-февралында Ош–Баткен–Раззаков автоунаа жолунун Кызыл-Кыя шаарынан өтүүчү бөлүгүндө №46-жол тейлөө ишканасы, "Кызыл-Кыя Тазалык" муниципалдык ишканасы менен биргеликте тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Иш-чаранын алкагында жол боюндагы лотоктор жана бордюрлар тазаланып, аймакты ирээтке келтирүү боюнча иштер аткарылды. Тазалоо иштеринин максаты – жол коопсуздугун камсыздоо жана шаарды санитардык жактан жакшыртуу болуп эсептелет.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы шаарды тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин мындан ары да улантарын билдирет.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.