2024-жылдын 17-декабрында, 25-ноябрдан 10-декабрга чейин өткөрүлгөн “Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын” алкагында Кызыл-Кыя шаарында бир катар иш-чаралар уюштурулду.
Шаардын мектептеринин 8-10-класстарынын окуучу кыздары, социалдык педагогдору, жогорку окуу жайлардын жана колледждердин студенттери катышкан семинарда “Кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу” темасы талкууланды. Иш-чаранын негизги максаты – жаштарды зомбулуктун терс кесепеттери тууралуу маалымдоо жана аны алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болду.
Ошол эле күнү, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган жарандардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча түзүлгөн жергиликтүү комитеттердин мүчөлөрүнө маалыматтык-тренинг өткөрүлдү. Тренингде зомбулукка каршы күрөшүү механизмдери жана жабыр тарткан жарандарды колдоо боюнча маселелер каралды.
Бул иш-чаралар зомбулуктун алдын алуу жаатында коомдук аң-сезимди жогорулатууга жана жарандык активдүүлүктү арттырууга багытталган.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.