КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРЫНЫН АЙМАГЫНДА КАЛКТЫН ТЫНЧТЫГЫН ЖАНА БЕЙПИЛДИГИН КАМСЫЗ КЫЛУУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ

11.09.2025, 17:46

Кароолор (19)

Кыргыз Республикасынын «Тынчтык жөнүндө» 2025-жылдын 6-декабрындагы №194 Мыйзамынын жана Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2025-жылдын 4-сентябрындагы №14/54 сандуу токтомунун негизинде коомдук жайлар (ресторан, кафе, барлар, караоеке) жайлардын иш убактысына чектөө киргизилди.

Эми кафе, ресторан жана тойканалардын иши саат 22:00гө чейин гана жүргүзүлүшү керек.

Бул чечимди түшүндүрүү жана мыйзамдын талаптарын так жеткирүү максатында Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы, шаардык ички иштер бөлүмү жана шаардык санэпид көзөмөл борбору менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Иш-чаралардын жүрүшүндө коомдук жайлардын ээлерине жана кызматкерлерине эскертүүлөр берилип, мыйзам бузулган учурда көрүлүүчү жоопкерчилик чаралары боюнча маалымат берилди.

https://www.facebook.com/share/v/1CDEY4iPLj/