Урматтуу шаар тургундары! Кадырлуу коноктор!
Сиздерди Кызыл-Кыя шаарынын күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Мына бүгүн тарыхы терең, өндүрүштүн ордосу болгон, меймандос, сүйүктүү шаарыбыздын 126 жылдыгын белгилеп жатабыз.
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүндө өзгөчө орду бар шаарыбыз учурда саясий, экономикалык, илимий жана маданий багытта өнүгүү жолунда баратат.
Шаарыбыздын инфраструктурасын жакшыртуу, көркүнө көрк кошуп, ар тараптуу өнүгүүсү үчүн алгылыктуу иштер аткарылып жатат. Келечекте калаабыз дайыма жаркырап таза, жашоого ыңгайлуу, заманбап, алдыңкы шаар болушу үчүн тынымсыз аракеттер көрүлүүдө. Бүгүнкү күндөгү жигердүү иштерибиз шаарыбыздын өнүгүп-өсүүсүнө, шаардыктардын жашоо шартын жакшыртууга арналат.
Сиздердин жана биздин биргелешкен аракет менен сүйүктүү Кызыл-Кыя шаарыбызды Кудай буйруса дүйнө эли суктанган шаарга, жашоого жайлуу, балдардын күлкүсү жаңырган бейпил үйгө айландыраарыбызга толук ишенем.
Кымбаттуу шаар тургундары!
Сүйүктүү шаарыбызды аздектеп, күн санап өнүгүүсү үчүн салым кошолу.
Көчөлөрүбүз шаңга, жүрөгүбүз – жылуу сезимдерге толсун.
Шаарыбыздын келечеги жаркын болсун!
Урматтоо менен: Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков