Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы, “Караван” аймактык башкармалыгынын административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук тобунун кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.
Ачык конкурс тууралуу маалымат төмөнкүдөй:
Кызыл-Кыя шаарынын “Караван” аймактык башкармалыгынын административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук (У-А, У-Б) тобунун кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.
1. Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн
- жогорку билими: экономикалык, гуманитардык, социалдык же юриспруденция тармагындагы кесип ээлери үчүн;
- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
Ченемдик-укуктук актылардын тизмеси:
Негизги мыйзамдар: |
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Тармактагы мыйзамдар:
1) КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө мыйзамы;
2)“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдары;
3) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө” Жобосу;
4) “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө” Жобосу;
5) “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдары;
6) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”мыйзамы;
7) КР Бюджеттик кодекси;
8)КР Салык кодекси.
Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:
- жеке арызы;
- кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы (сүрөтү менен);
- паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);
- резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (сотуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен) атайын формада;
- негизги жана кошумча билимин ырастаган документтердин көчүрмөсү (түп нускасын көрсөтүү менен);
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (түп нускасын көрсөтүү менен);
- аскердик билеттин көчүрмөсү (түп нускасын көрсөтүү менен мырзалар үчүн)
Эскертүү: Конкурска катышуучулар, жарыя массалык маалымат каражаттарына жарыялангандан тартып, 10 жумушчу күн ичинде документтер кабыл алынат.
Конкурска катышуу үчүн документтер саат 17.00гө чейин кабыл алынат.
Квалификациялык талаптарга жооп бергендер конкурска катышууга чакырылат.
Дареги: Кызыл-Кыя шаары, Масалиева көчөсү 60, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы,
3-этаж, 4-каана байланыш телефону: 03657 5-03-97.