Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти муниципалдык кызмат орундарынын улук тобунун кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.
1. муниципалдык кызмат орундарынын улук тобу үчүн
Улук топтогу административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- тиешелүү багыттагы жогорку билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;
Ченемдик-укуктук актылардын тизмеси:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- КР “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
- КР “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы;
- КР “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;
- КР “Электрондук башкаруу жөнүнө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
-Жер кодекси;
-“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамы
-“Шаар курулуш жана архитектура”
-"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" КР мыйзамы