КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРЫНЫН ЖАҢЫ МЭРИ КЫЗМАТЫНА КИРИШТИ

11.03.2025, 10:00

Кароолор (33)

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Бектуров Алтынбек Жунусович Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэри болуп дайындалды.

Шаар мэрин шаардын активине бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев тааныштырып, ишине ийгилик каалады.

 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.