КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРЫЫН ПРОКУРАТУРАСЫ: ТЕРГӨӨ ИШТЕРИНИН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ БОЮНЧА КЕҢЕЙТИЛГЕН ЖЫЙЫН ӨТТҮ

03.12.2024, 17:00

Кароолор (26)

 

Бүгүн 2024-жылы 29-ноябрында Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасында шаардын прокурору Б.А.Өмүркановдун, Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн Тергөө кызматынын башчысынын жана тергөөчүлөрүнүн катышуусунда үстүбүздөгү жылдын 11 айында аткарылган тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча кеңейтилген чогулуш өткөрүлүп, анда тергөө учурунда  бир катар кемчиликтер орун алгандыгы жана  шаардын аймагында  катталган алдамчылык, уурулук, мал уурулук, тоноо фактылары боюнча козголгон кылмыштардын бети өз учурунда тергөө жолу менен ачылбай жаткандыгы шаардын прокурору Б.А.Өмүрканов тарабынан белгиленип, өндүрүштөгү кылмыш иштердин тергөө мөөнөттөрүн бузбоо, тез-арада кылмыштардын бетин ачуу жана жүргүзүлгөн тергөө иштеринин жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечимдердин кабыл алынышын камсыздоо боюнча тергөөчүлөргө жана алардын жетекчилерине катуу талаптар коюлду. 

Булак: Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасы.

 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.