Бүгүн Кызыл-Кыя Сууканал Муниципалдык ишканасынын 100 жылдык юбилейи белгиленди. Ага шаар мэри А.Маткалыков, шаарыбыздагы мекеме-ишканалар жана ушул тармактан эмгектенип азыркы учурда ардактуу эс алууга чыккандар катышты.
Шаар мэри Сууканал Муниципалдык ишканасынын жалпы эмгек жамаатын куттуктап, шаарыбыздын өсүп-өнүгүүсүнө жана калкты суу менен камсыздоодо талыкпастан күндүз-түн дебей эмгектенип келе жаткандыктарын баса белгилеп. Кызматтык милдетемелерин так аткарып, эмгектенип келе жаткан кызматкерлерди ыраазычылык баракчасы менен сыйлады.
Айта кетсек Сууканал Муниципалдык ишканасы 1924-жылы түзүлүп, ушул күнгө чейин шаар калкына кызмат көрсөтүп келүүдө.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.