2025-жылдын 26-мартында Кызыл-Кыя шаарынын прокуратурасынын демилгеси менен Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы жана шаардык салык кызматы биргеликте ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча жыйын өткөрдү.
Жыйынга шаар мэринин биринчи орун басары Ж. Курбанов, Кызыл-Кыя шаарынын прокурору Б. Өмүрканов, шаардык салык кызматынын жетекчисинин орун басары Б.Мамасалиев, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жеке ишкерлер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө ишкерлерге төмөнкү маселелер боюнча кеңири маалыматтар берилди:
• Мыйзамсыз текшерүүлөр болгон учурда эмне кылуу керектиги;
• Уруксаттарды жана лицензияларды алуу тартиби;
• Коррупция жана өзүм билемдиктен кантип коргонуу керектиги.
Ишкердик субъектилеринин укуктары бузулган учурда кайда кайрылууга болот?
Эгерде ишкер катары сиздин укуктарыңыз бузулса, анда төмөнкү жолдор менен жардам алсаңыз болот:
1. Ишеним телефондору
Ар бир прокуратурада ишеним телефондору иштейт, алар аркылуу сиз мыйзам бузуулар тууралуу кабарлай аласыз. Телефон номерлерин Башкы прокуратуранын расмий сайтынан же жергиликтүү прокуратуралардан алууга болот.
2. "Бизнести коргоо" мобилдик тиркемеси
Зарыл учурда прокуратура органдарына ыкчам кайрылуу үчүн "Бизнести коргоо" мобилдик тиркемесин жүктөп алыңыз. Тиркеме iOS жана Android түзмөктөрү үчүн жеткиликтүү.
3. Жекече кайрылуу
o Сиз жакынкы прокуратурага барып, арыз жазып, керектүү документтерди тапшыра аласыз.
4. Онлайн кайрылуу
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын расмий сайтына кирип, электрондук кайрылуу формасын толтуруңуз.
ПАЙДАЛУУ БАЙЛАНЫШТАР
• Ишеним телефондору: Номерлерди жергиликтүү прокуратуралардан же Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын сайтынан алсаңыз болот – https://prokuror.kg/security/ru.
• "Бизнести коргоо" мобилдик тиркемеси: App Store же Google Play тиркемелеринен жүктөп алыңыз.
• Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын расмий сайты: www.prokuror.kg.
Эсиңизде болсун!
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы сиздин укуктарыңызды жана кызыкчылыктарыңызды коргоого дайым даяр.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.