МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН МЕДИА САБАТТУУЛУГУН ЖОГОРУЛАТУУГА БАГЫТТАЛГАН ОКУТУУ ӨТТҮ

29.09.2024, 18:00

Кароолор (17)

            

            2024-жылдын 26-27-сентябрь күндөрү Баткен шаарында чыр-чатактарга сезимтал коммуникация, маалымат жана медиа сабаттуулук боюнча эки күндүк семинар өттү.

Окутууга Баткен облусунундагы райондук администрация, шаар мэрияларынын кызматкерлери, басма сөз кызматтары, ЖМК өкүлдөрү катышты.

Семинардын негизги максаты — мамлекеттик органдардын кызматкерлери менен ЖМК ортосунда ыкчам жана  оперативдүү кызматташтыкты түзүү алардын медиа жана маалыматтык сабаттуулугун жогорулатуу болду. 

Катышуучулар сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүп, жалган маалыматтарды таануу жана аларга каршы туруу көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталган билим жана көндүмдөрдү алышты.

Семинар бул максаттарды ишке ашырууда катышуучуларды заманбап маалымат каражаттары жана коммуникация ыкмалары менен тааныштырып, медиа чөйрөдө туура жана ишенимдүү маалымат берүү тажрыйбасын бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн түздү.

Окутууну Кыргызстандагы Жамааттык ЖМКлар Бирлиги, КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен өнөктөштүктө, ЮНЕСКО жана БУУӨПнын колдоосу астында уюштурулду.

 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.