2024-жылдын 11-декабрында Кызыл-Кыя шаарында мамлекеттик тилдин үч айлыгынын жыйынтыктоочу иш-чарасы ийгиликтүү өткөрүлдү. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган.
Иш-чара мэриянын жыйындар залында болуп, ага Кызыл-Кыя шаарынын мэри А. Маткалыков, шаардык кеңештин төрагасы Ж. Аматов, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д. Матосмонова жана башка коноктор катышты.
Мааракелик иш-чаранын алкагында шаардагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ортосунда өткөн "Мааракең кут болсун – кыргыз тилим!" сынагы жана мектептер арасында уюштурулган "Кыргыз тилин даңктайлы!" аталышындагы сахналаштыруу сынагы жыйынтыкталды. Бул сынактардын жеңүүчүлөрү ардак баракчалар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланды.
Ошондой эле, "Эрдин дили сатылса да, элдин тили сатылбайт" аталышындагы кереге кеңеште мыкты доклад жазган мугалимдер белгиленип, алардын эмгектери жогору бааланды. Бул иш-чаралар шаар тургундарына мамлекеттик тилди даңазалоонун маанилүүлүгүн дагы бир жолу көрсөтүп, аны өнүктүрүү жана колдоо боюнча аракеттерди активдештирүүгө түрткү болду.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.