“МЭЭРИМДҮҮ БОЛ” АТУУ ИШ-ЧАРА БОЛУП ӨТТҮ

24.07.2024, 19:21

Кароолор (100)

2024-жылдын 24-июлунда шаарыбыздын борбордук сейил багында Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын колдосуу жана шаардык хатибият, “Умар Бин Хаттаб” мечити тарабынан уюштурулган “Мээримдүү бол” атуу иш-чара болуп өттү. Иш-чараны мэрдин биринчи орун басары И.Бабаев ачып, уюштуруучуларга жана колдоо көрсөткөндөргө терең ыраазычылык билдирип, иш-чара майрамдык маанайда көңүлдүү өтүүсүн каалап кетти. Катышуучуларды  Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Н.Топчиев да куттуктап калоо тилектерин айтып өттү.

Айта кетсек бүгүнкү иш-чарада шаардан жана коңшулаш айылдардан келген 600  аярлуу балдарга майрамдык маанай тартууланып, таттуулар, балмуздактар, белектер таратылып, оюн-зоокторго акысыз түшүүгө шарт түзүлдү.


 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.