Бүгүн 14-октябрь күнү 5-октябрь мугалимдер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чара Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулуп. Ага шаар мэри А.Маткалыков, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Матосмонова, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана 400дөн ашуун билим берүү тармагынын кызматкерлери катышты.
Шаар мэри катышуучуларды майрамы менен куттуктап, келечек муунду тарбиялоодо талыкпастан эмгектенип келе жаткандарды ардак грамотасы, ыраазычылык баракчасы жана Кызыл-Кыя шаарынын 125 жылдык юбилейлик медалы менен сыйлады. Келечек муундун устаттарына шаардагы маданият өкүлдөрү келип куттуктоолорун айтып өнөрлөрүн тартуулап кетти.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.