Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №109 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кызыл-Кыя шаарынын Январский кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн астындагы мыйзамсыз тосмолорду жана курулуштарды алып салуу иштери жүргүзүлдү.
Бул иш-чара Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин жана комиссиянын көзөмөлү алдында уюштурулду. Департамент тарабынан мыйзамсыз тосмолорду жана курулуштарды алуу боюнча бир нече жолу эскертүүлөр берилген. Бирок, мыйзам бузуулар жоюлбагандыктан, тиешелүү чаралар көрүлүп, атайын техниканын жардамы менен бузуу иштери жүргүзүлдү.
Мыйзамсыз тосмолорду жана курулуштарды бузуу иштери шаардык тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу, жөө жүргүнчүлөрдүн өтүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү жана шаардагы көрктөндүрүү иштерин жакшыртуу максатында аткарылды.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы шаар тургундарынан мыйзам талаптарын сактоо жана мыйзамсыз курулуштарды алдын алуу боюнча жоопкерчилик менен мамиле жасоону өтүнөт.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.