Республика аймагында эки айлык мөөнөттө өткөрүлүп жаткан “Коомдук жайдагы коопсуздук” аттуу укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукка жол бербөө жана коомдук жайлардагы кылмыштуулукту болтурбоо багытындагы иш-чаранын алкагында шаар мэринин катышуусунда жыйын өткөрүлдү.
Жыйын Кызыл-Кыя ШИИБдин жетекчилиги тарабынан демилгеленип, ага шаар аймагындагы бардык алдын алуу субьектер катышып, иш-мерчемде көрсөтүлгөн багыттар боюнча тапшырмалар берилип, кенен талкууланып, суроо-жооптор болду.
Бул иш-чаранын негизги максаты шаар аймагындагы коомдук коопсуздукту камсыздоо, анын ичинде кышкы туристтик мезгилди жогорку деңгээлде өткөрүү, жаңы жылды тосуу учурунда шаар аймагында, коомдо резонанс жараткан кылмыштарды, укук бузууларды, кырсыктарды бейбаштык, уурулук, каракчылык жана башка кылмыштарды болтурбоо, алардын алдын алуу тууралуу түшүндүрүү иштери улантуу.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.