“РУССКИЙ ДОМ” ОРУС ТИЛИН КОЛДОО ЖАНА ҮЙРӨНҮҮ БОЮНЧА БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

06.11.2024, 15:00

Кароолор (42)

 

Бүгүн 2024-жылдын 6-ноябрында Кызыл-Кыя шаарындагы №70 Кесиптик лицейинде Россия Федерациясынын Ош, шаарындагы консулдугунун жана Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын колдоосу менен орус тилин колдоо жана үйрөнүү боюнча билим берүү борбор ачылды. Ачылуу аземине Кызыл-Кыя шаарынын мэри Асилбек Маткалыков, Россия Федерациясынын Ош,  шаарындагы консулу Муравьев Олег Евгеньевич жана Ош шаарындагы “Русский дом” Орус кызматташуу бөлүмунүн орун басары Аврам Дмитрий Николаевичтер катышты. Аталган кесиптик лицейи атайын бөлмө бөлүп, толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Консулдук менен кесиптик лицейдин ортосундагы келишимдин негизинде жалпы суммасы             837 509 сомдук 720 даана китеп жана жана жалпы суммасы 1 650 997 сомдук эмеректер жана интерактивдүү панель менен камсыз кылынды.

Борбордун ачылуу аземинде Кызыл-Кыя шаарынын мэри Асилбек Маткалыков, орус тилин жана адабиятын үйрөнүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун жаштар үчүн маанилүүлүгүн белгиледи, анткени орус маданиятын жана Кыргызстан менен Россиянын тарыхый байланыштарын бириктирген салттарын жакшыраак билүүгө жана түшүнүүгө жардам берет деп кошумчалады өз сөзүндө.

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.