2024-жылдын 15-ноябыры Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунда. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Баткен областынын 25 жылдыгына жана Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун негиздөөчүүсү, Жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана жаңы технологиялар илим изилдөө институтунун директору, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Тайиров Миталип Муратовичтин 70 жылдык юбилейине арналган.
«Санариптешүү мезгилиндеги физика илиминин актуалдуу маселелери жана окутуу технологиялары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Илимий-практикалык конференцияга КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.М. Исаков, Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Ж. Маткалыков, ЖОДдун ректорлору, УИАнын илимпоздору, Кыргызстандагы ЖОЖдын окумуштуулары, Узбекистан, Казакстан, Россиядан белгилүү илимпоздор катышты. Жалпы 100дөн ашуун илимий макала келип түшүп, жарык көргөн журнал авторлорго таркатылды.
Шаар мэри: Мугалим — бул келечек муундун билимге болгон кызыгуусун ойготкон жана коомдун өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир эткен эң сыйлуу кесип экендигин белгилеп. Кызыл-Кыя шаарынын өнүгүшүнө салымын кошуп келе жаткан Профессор М.М.Тайировго ыраазычылык баракчасын жана Кызыл-Кыя шаарынын 125 жылдыгы медалын тапшырды.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.