Кызыл-Кыя шаарынын Кулатов көчөсүндөгү №150 жана №152 көп кабаттуу турак үйлөрдүн жогорку тарабында жайгашкан узундугу 555 метр сел суулары агып өтүүчү канал көп жылдан бери тазаланбай келген. Натыйжада, каналдын ичи топурак жана шагылга толуп, сел маалында суунун деңгээли жогорулап, төмөн жактагы көп кабаттуу жана жеке турак үйлөрдүн жер төлөлөрүнө суу кирип, жашоочуларга бир топ кыйынчылыктарды жаратып келген.
Бул көйгөйдү чечүү жана аталган аймактагы 15 турак үйдү, 3 көп кабаттуу үйдү, Ош-Баткен-Раззаков жолунун 1 км аралыктагы бөлүгүн жана техникалык тейлөө түйүндөрүн селден коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2025-жылдын 13-январындагы №13 буйругуна ылайык, 2025-жылга карата “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чараларынын алкагында каналдын 555 метрлик бөлүгү тазаланып, жээктери бекемделүүдө. Бул иштер аталган аймактын коопсуздугун камсыздоого жана селден келүүчү зыяндын алдын алууга багытталган.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.