Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы жана Кызыл-Кыя шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан, 2024-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө ” № 385 токтому менен бекитилген Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө жобонун аткарылышы боюнча 2024- жылга башкармалыкка «Социалдык контракт» түзүү үчүн 75 квота бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө шаар боюнча 75 жаран менен социалдык контракт келишимдери түзүлүп, 75 жаранга акча каражаты которулуп берилди.
Социалдык контракттын катышуучуларын бизнес – пландарынын тармактык багыттары 2024-жылга төмөнкүдөй:
- Мал жандык 30 жаран;
- Тоок багуу 1 жаран
- Соода сатык 16 жаран;
- Такси кызматы 16 жаран;
- Тигүүчүлүк 8 жаран;
- Кондитер иши 1 жаран;
- Сулуулук салону 1 жаран;
- Ширетүү иштери 1 жаран;
- Бала бакча ачуу 1 жаран.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.