ШААР БИЙЛИГИ 200 ЖАРАНГА АКЫСЫЗ КӨМҮР ТАРАТАТ

29.11.2024, 23:47

Кароолор (24)

 

 

Бүгүн 2024-жылдын 29-ноябры шаардагы аз камсыз болгон муктаж үй-бүлөлөргө     Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан акысыз көмүр таратылды. Ага шаар мэри А.Маткалыков, шаардык кеңештин төрагасы Ж.Аматов барып жылуу сөздөрүн айтышты.

 

Мэр А.Маткалыков шаар бийлиги муну менен гана чектелбей дагы да колдоолорду көрсөтөөрүн айтты.

 

Айта кетсек жылына жергиликтүү бюджеттен муктаж үй-бүлөлөргө акча каражаты бөлүнөт. Быйыл да бөлүнүп бүгүн 100 жаранга 6 мүшөктөн көмүр жана 200 сомдон жол акы берилди. Жалпысы 200 жаранга берилет. Көмүрлөр жер тамда жашагандарга гана берилүүдө.

 

Көмүр берилүүчү 200 жарандын тизмесин кварталдык комиттер менен биргеликте Кызыл-Кыя  шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан даярдалган.

 

 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.