ШААР МЭРИ 1-КИЧИ РАЙОНДУН ТУРГУНДАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

15.03.2025, 17:02

Кароолор (138)

 

Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Бектуров масштабдуу ишембиликтен кийин тиешелүү кызматтар менен биргеликте 1-кичи районунун тургундары менен жолугушту. Жолугушууда тургундар тарабынан көтөрүлгөн маселелер угулуп, алардын чечүү жолдору талкууланды.

Тургундар негизинен жолдордун абалы, жарыктандыруу, таза суу менен камсыздоо, санитардык абал жана балдар аянтчаларын оңдоо сыяктуу маселелерди көтөрүштү. Шаар мэри тургундардын кайрылууларын угуп, тиешелүү кызматтарга маселелерди чечүү боюнча так тапшырмаларды берди.

Шаар мэри калк менен түз байланышта болуу жана тургундардын көйгөйлөрүн жеринен чечүү муниципалитеттин негизги милдеттеринин бири экенин белгилеп, мындан ары да мындай жолугушуулар улантылаарын айтты. Тургундар шаардын жетекчилигине жана тиешелүү кызматтарга өз убагында көңүл буруп жатканы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.