2024-жылдын 21-ноябрында Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков Кызыл-Кыя шаарынын Ак-Булак айылынын жашоочулары менен жолугушуп жеринен жыйын өткөрдү. Бул жыйынга Кызыл-Кыя шаарынын мекеме-ишканалардын, атайын кызматтардын жетекчилери катышышып, элдердин көйгөйлүү маселелери менен таанышышты. Бул жыйында мэр А.Маткалыков жергиликтүү калктын көйгөйлөрүн угуп, ар бир тармак боюнча жетекчилерге тапшырмаларды берди. Жыйындын жүрүшүндө келген тургундарга:
1) Турак-жай жана мүлктөрдү камсыздандыруу, милдеттүү медициналык камсыздандыруу;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин №54 Жарлыгына негиз үрп-адат, каада-салт жана ысырапкерчиликти жөнгө салуу боюнча;
3) “Санарип аймак” автоматташтырылган тутумуна катталуу боюнча маалыматтар берилди.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.