ШААР МЭРИ А.МАТКАЛЫКОВ ЖМК ӨКҮЛДӨРҮН КУТТУКТАДЫ

07.11.2024, 17:09

Кароолор (33)

 

2024-жылдын 7-ноябрда, шаар мэри А. Маткалыков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугуп, кесиптик майрамдары менен куттуктады. Өз сөзүндө шаар мэри: “Сиздер аркалаган кесип ар бир сөзгө маани берүүнү, далилдерге кылдат токтолууну, калыстыкка өзгөчө көңүл бурууну талап кыларын. Себеби, жарыяланган ар бир маалымат, ар бир уктуруу, ар бир репортаж, керек болсо ар бир кабар бир эле жарандын дүйнө таанымына таасир этпестен, бүтүндөй бир коомдук пикирдин түзүлүшүнө да чоң салым кошот, болуп жаткан окуя боюнча элдин сезимин ойготоррун”-баса белгилеп өттү.

Ошондой эле шаар мэри ЖМК өкүлдөрүнө кесиптик майрамы менен куттуктап, акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.