ШААР МЭРИ КАРАВАН АЙМАКТЫК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ЖАШООЧУЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРДҮ

18.03.2025, 08:03

Кароолор (170)



Кечээ шаар мэри Караван аймактык башкармалыгынын айылдарынын жашоочулары менен жеринде жолугушууларды мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү эл көтөргөн көйгөйлөр талкууланып, тиешелүү мекемелерге көйгөйлөрдү чечүү боюнча тапшырмалар берилди.

Мындан сырткары, жергиликтүү элге төмөнкү маанилүү маселелер боюнча маалыматтар берилди:

1) Турак-жай жана мүлктөрдү камсыздандыруу, милдеттүү медициналык камсыздандыруу;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин №54 Жарлыгына негиз үрп-адат, каада-салт жана ысырапкерчиликти жөнгө салуу боюнча;

3) “Санарип аймак” автоматташтырылган тутумуна катталуу боюнча.

Жолугушуу жарандар менен ачык диалог форматында өтүп, калктын активдүү катышуусу байкалды. Мэр элдин көйгөйлөрүнө өзгөчө көңүл буруп, аларды чечүү үчүн бардык күч-аракеттер жумшаларын белгиледи.

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 
маалыматтык камсыздоо кызматы.