ШААР МЭРИ МОЛОДЕЖНАЯ КӨЧӨСҮНДӨГҮ МАСЕЛЕЛЕР МЕНЕН ТААНЫШТЫ

15.03.2025, 17:11

Кароолор (162)



Кызыл-Кыя шаарынын мэри А. Бектуров тиешелүү кызматтар менен биргеликте Молодежная көчөсүн кыдырып, ал жердеги мыйзамсыз курулуштар жана жөө жүрүүчүлөргө тоскоолдук жараткан маселелер менен таанышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзамсыз тосмолор, тротуарлардын начар абалы жана жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайсыздык жараткан башка көйгөйлөр бар экендиги белгиленди. Шаар мэри көйгөйлөрдү жоюу жана көчөдө тартипти камсыз кылуу боюнча тиешелүү кызматтарга так тапшырмаларды берди.

Мэр белгилегендей, шаардагы мыйзамсыз курулуштарды четтетүү жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштер мындан ары да улантылат.

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 
маалыматтык камсыздоо кызматы.