ШААР МЭРИ СЕВЕРНЫЙ УЧАСКАСЫНЫН ТУРГУНДАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

24.01.2025, 18:30

Кароолор (233)

 

2025-жылдын 24-январында Кызыл-Кыя шаарынын мэри А. Маткалыков Северный участогунун тургундары менен жолугушуп, жеринде жыйын өткөрдү.

Бул иш-чарага шаардагы мекеме-ишканалардын, атайын кызматтардын жетекчилери катышып, жашоочулардын көйгөйлүү маселелери менен жеринде таанышышты. Жыйында мэр А. Маткалыков тургундардын сунуштарын угуп, көйгөйлөрдү чечүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берди.

Жыйындын алкагында тургундарга төмөнкү темалар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү:

  1. Турак-жай жана мүлктөрдү камсыздандыруу маселелери.
  2. Кыргыз Республикасынын Президентинин №54 Жарлыгынын алкагында үрп-адат, каада-салттарды жөнгө салуу жана ысырапкерчиликке каршы чаралар.
  3. Россия Федерациясында мыйзамсыз миграцияга каршы чаралар жана тиешелүү мыйзамдар менен тааныштыруу.

Бул жолугушуу Северный участогунун жашоочулары үчүн маанилүү маселелерди чечүү жана жергиликтүү бийлик менен тыгыз иш алып барууга багытталган.

 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.