ШААР МЭРИ СОВХОЗ АЙЫЛЫНЫН ЖАШООЧУЛАРЫ МЕНЕН ЖЕРИНЕН ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

22.11.2024, 18:47

Кароолор (215)

 

    2024-жылдын 22-ноябрында  Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков Кызыл-Кыя шаарынын Совхоз айылынын жашоочулары менен жолугушуп жеринен жыйын өткөрдү. Бул жыйынга Кызыл-Кыя шаарынын мекеме-ишканалардын, атайын кызматтардын жетекчилери катышышып, элдердин көйгөйлүү маселелери менен таанышышты. Бул жыйында мэр А.Маткалыков жергиликтүү калктын көйгөйлөрүн угуп, ар бир тармак боюнча жетекчилерге тапшырмаларды берди. Жыйындын жүрүшүндө келген тургундарга:

1) Турак-жай жана мүлктөрдү камсыздандыруу, милдеттүү медициналык камсыздандыруу;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин №54 Жарлыгына негиз үрп-адат, каада-салт жана ысырапкерчиликти жөнгө салуу боюнча;

3) “Санарип аймак” автоматташтырылган тутумуна катталуу боюнча маалыматтар берилди.

 

 Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.