Урматтуу мугалимдер, кымбаттуу агай-эжелер!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!
Биздин коомубузда ар дайым мугалимге карата урмат-сый, жылуу сезим сакталып келет. Мугалим — терең билим берип, дүйнөнү тааныткан устат, келечекке жол көрсөтүп, чоң турмушка аттандырган насаатчы. Сиздердин ар бир мүнөтүңүздөр балдардын жаркын келечеги үчүн жумшалып, тарбиялап, окутуп жаткан ар бир балаңыздар – эртеңки элдин умтулуусу жана үмүтү. Мугалим болуп, мээримдүү жүрөк жана түгөнгүс күч-кубат менен иш алып баруу – бул чоң жоопкерчилик жана ошол эле учурда сыймыктуу миссия. Ар бир кесиптин жана ар бир жетишкендиктин артында мугалимдердин эмгеги бар. Мугалимдердин ар бир берген сабагы, айткан сөзү жашоонун ар бир баскычында биздин багытыбызды аныктап, туура жолду көрсөтүп келет. Сиздердин эмгегиңиздерди ар дайым баалап, келечектеги муундар сиздердин билимиңиздер менен чоңоюшун билүү – биз үчүн чоң кубаныч.
Өлкөнүн келечеги Сиздердин ишиңиздерден көз каранды!
Сиздерге чың ден соолук, бакты-таалай, жаш муундарды окутуп-тарбиялап жаткан асыл ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм.
Урматтоо менен: Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.