25 жылдыкка ачылуусу пландалган 25 оъекттин катарында, шаарыбыздагы кызматтык үйлөрдүн ачылуу аземи болуп өттү. Ачылуу аземине онлайн режимде Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы А.Жапаров баштаган жетекчилер жана шаардагы мекеме-ишканалардын жекчилери катышты.
Шаар мэри өз сөзүндө үй ээлерин куттуктап, акжолтой үйлөрдөн болуусун каалап кетти.
Айта кетсек кызматтык үйлөр Кыргыз Республикасынын Президентинин иш-башкармалыгы тарабынан курулуп, жергиликтүү бюджеттен 1,5 млн сом акча каражаты бөлүнүп айланасы тосулуп жашоого ыңгайлуу шарттар түзүлдү.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.