2024-жылдын 28-ноябры күнү Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз 2–сессиясы чакырылды.
Күн тартибине төмөнкү маселелер сунушталып каралды:
1. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VIII чакырылышы) регламентин кабыл алуу жөнүндө.
2. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VIII чакырылышы) туруктуу комиссияларын түзүү жөнүндө.
3. Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү жөнүндө.
Сессиянын жыйынтыгында шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) регламенти кабыл алынып, шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) туруктуу комиссиялары түзүлдү.
2024-жылдын 7-декабрында III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө чечим кабыл алынды.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.