Кыргыз Республикасынын “Расмий статистика жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы №572 токтому менен бекитилген 2024-жылга Статистика иштеринин Программасын ишке ашыруу максатында, Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы малдардын жана үй канаттууларынын саны, жашы жана жыныстык курамы тууралуу так маалыматтарды алуу жана аныктоо максатында саноо иштери 2024-жылдын 10-декабрынан 25-декабрына чейин жүргүзүлөт.
Урматтуу Кызыл-Кыя шаарынын жана аймактарынын жашоочулары!
Малдын жана үй канаттууларынын санын өз убагында жана толук эсепке алуу үчүн ар бир жаран кайдыгер мамиле жасабастан катышуусу зарыл. Короо-жайга келген катоочуларга толук жана так маалымат берүүнү суранабыз.
Эгерде сиз да каттоо иштерине көмөктөшүүнү кааласаңыз, шаардык статистика бөлүмүнө кайрылыңыз. Катоо иштерине катышкандыгыңыз үчүн сый акы төлөнүп берилет.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.